Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:39

Бишкекте жаңы конуштардагы абанын абалы текшерилди


Жаңы конуштардын бириндеги мончодон чыккан түтүн.

Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору Бишкек шаарын айланта курчаган жаңы конуштардагы абанын абалын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери менен бирге текшерүүдө. Экотехинспекция кызматынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, абанын курамындагы чаң менен зыяндуу заттардын өлчөмү атайын изилдөөчү лабораторияда үч күндүн ичинде аныкталат:

- Аптанын башынан бери биздин адистер борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштардын абасын текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Инспекторлордун айтымында, жаңы конуштардагы жеке менчик мончолордо жана башка өндүрүштүк ишканаларда көпчүлүк учурда от жагыш үчүн ар кандай синтетикалык жана желим заттар пайдаланылат. Алар ар кандай уулуу заттарды бөлүп чыгарууда деген алдын-ала тыянактар бар. Ошондуктан, жеке турак жайларга жана өндүрүш ишканаларынын түтүн чыгарүүчү морлоруна атайын чыпкалоочу каражаттарды орнотуу талап кылынды.

Бишкек шаарынын тегерегинде элүүгө жакын жаңы конуш бар. Бишкектеги абанын булганышына жаңы конуштардан жана автоунаалардан чыккан түтүн себеп болуп жатканын мурдараак Мамлекеттик экотехинспекция жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги билдирген. Бул мекемелер 19-январь күнү автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун текшерүүгө алмакчы. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG