Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Быйыл ипотекалык насыянын үстөгү 7% түшөт


Президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев менен. 18-январь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев менен. 18-январь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-январда каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алып, "Арзан турак жай 2015-2020" мамлекеттик программасынын иши менен таанышты. Жолугушууда элди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу маселеси, социалдык турак жай куруу жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча маселелөр жана сунуштар талкууланды.

Жээнбеков мамлекет элди арзан турак жай менен камсыз кылыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экенин белгилеп, ириде бул программа ипотекалык насыялоо менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери үчүн иштөөгө тийиш экенин эскертти.

- Кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын да эсепке алыш керек. Бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык үстөк айрым жарандар үчүн оор, - деди ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин президентке берген маалыматы боюнча, ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүш үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок быйыл ипотекалык насыялоонун үстөгү 7 пайызга түшүрүлүп, кийинки жылдын башында насыялар 6 пайыз менен бериле баштайт.

Шамкеевдин айтымында, мындай төмөн үстөк пайыздар менен насыя былтыр Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, үй-жайсыз калган жарандарга берилет. Ошондой эле бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык үстөк менен быйыл бериле баштайт.

Президент Жээнбеков бюджеттик эмес тармакта иштегендерге да ипотекага турак жай алыш үчүн насыя берүү милдетин койду. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы мындай категориядагы жарандар үчүн алгач 12-14 пайыз менен берилип жатканын, бирок келечекте пайыздарды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү караштырыларын маалымдады.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашуун насыя берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG