Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Актөбө облусундагы трагедиялуу окуяда Өзбекстандын жарандары каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Кыргызстандын мамлекет башчысы жөнөткөн телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган.
Бүгүн эртең менен Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган ”Икарус” автобусу өрттөнүп, кеминде 52 киши каза тапкан. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон.
Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кырсык болгон учурда транспортто 57 киши бараткан. Аман калгандардын экөө казакстандык айдоочулар, калгандары өзбек жарандары экени аныкталды. Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Чимкенттен Орусияга бараткан. Маалыматтарга караганда жүргүнчүлөр эмгек мигранттары болчу. Кырсыктын себептери аныктала элек. (ErN)