Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:40

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, кармалган 35 жаштагы А.А. аттуу жаран Токмок шаарынын тургуну экени аныкталды. Мурда ал талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолгон.

Шектүүнү кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги да көмөк көрсөткөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

28-декабрда кылмыш боюнча шектүү катары Э.О. аттуу киши кармалган эле. Анын жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылганы да кабарланган.

Депутат Салянова ишти иликтөө абдан жай жүрүп жатканын билдирген. ИИМ болсо Саляновдун өлүмүндө саясий мотив жок экенин, иликтөө иштери министрдин жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG