Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Пакистанда балдарды эмдөө ишине тартылган эки аялды атып кетишти

PAKISTAN -- A health worker gives a polio vaccine to a child at a railway station, days after Pakistan launched an anti-polio campaign across the country, despite threats from the Taliban, in Karachi, Pakistan, Thursday, Jan. 18, 2018

Пакистандын Кветта шаарында эмдөө иштерине тартылган эки киши – бир аял менен кызы ок жеп каза болушту. Полициянны өкүлү Насибулла Хан 50 жаштагы Сакина Биби жана 20 жаштагы кызы Ализахты балдарга шал оорусуна каршы дары берип жаткан маалда куралчан кишилер атып кетишкенин билдирди. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Пакистанда буга чейин да эмдөө иштери менен алектенген кишилерди жана аларды кайтарган полициячыларды өлтүргөн учурлар көп болгон. Согушкерлер Батыш шпиондору вакцинацияга жамынып өз иштерин жүргүзүшөт же болбосо бул Пакистан балдарын тукумсуз кылууну көздөгөн кампания дешет.

Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси соңку кол салууну айыптады жана тергөө жүргүзү буйругун берди.

Үстүбүздөгү аптада өлкөдө балдардын шал оорусуна каршы эмдөө иштери башталган. Пакистан Ооганстан менен катар бул илдет эндемияга айланган өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG