Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:22

Өзбекстанда Казакстандагы кырсык боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


Казакстанда жараат алгандар менен догдурлар жолугушту

Өзбекстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы президент Шавкат Мирзиеевдин буйругу менен Казакстандагы кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Өкмөт башчы Абдулла Арипов жетектеген топко кошуна өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге Чымкенттен Самарага бараткан автобустун өрттөнүшүнүн себептерин иликтөө жана маркумдардын тек жайын аныктоо чараларын көрүү милдети жүктөлөт. Комиссияга тышкы иштер, чукул кырдаалдар, ички иштер, саламаттыкты сактоо министрликтеринин жана башка мекемелердин өкүлдөрү киришти.

Бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Чымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжолу менен эмгек мигранттары болчу.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков трагедияга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG