Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Нарында мыйзам бузган судьяга иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясына каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 14-сентябрында ал судья адамдар каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук ишти караган.

Анда ал кырсыкка күнөөкөр айдоочуну үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле күнү жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө "соттун эскертүүсүнө баш ийген жок жана мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлдү" деген негизде 10 миң сомдон айыппул салган.

Прокуратура судьянын дал ушул ишин мыйзам бузуу катары санап, “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” жана “Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу” беренеси боюнча иш козгоду.

Көзөмөл органынын жүйөсүндө, жабырлануучуларга айыппул салыш үчүн тергөөгө иш козгоо зарыл болчу.

Учурда судьяга козголгон иш боюнча тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG