Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Ош шаардык сотунун судьясына кылмыш иши козголду


Ош шаардык сотунун имараты.
Ош шаардык сотунун имараты.

Ош шаардык сотунун Ж.К. аттуу судьясына Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык сотуна 2014-жылы Б.А. аттуу жаран Ак-Буура дарыясынын боюндагы жер тилкесин жана турак жайын анын менчигине каттатып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал тилкени узак убакыт ээлеп олтурганы менен жерге ээлик кылуучу документтери болгон эмес. 2014-жылдын 23-сентябрында Ош шаардык сотунун сөз болуп жаткан судьясы ишти карап, доогердин арызын канааттандырган. Муну менен сот жер тилкесин мамлекет коргоого алган аймак экенине карабай каттатууга уруксат берген. Соттун чечимине ылайык, аймактык каттоо органы Б.А. аттуу жаранга мамлекеттик акт жасап берген.

2016-жылдын 16-январында Ош аймактык бассейндик-суу чарба башкармалыгынын кассациялык арызынын негизинде ишти Ош облустук соту карап, Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгарган. Натыйжада сот Б.А. аттуу жарандын доо арызын канааттандыруусуз калтырган. Ушул эле чечимди 2016-жылы 2-июнда Жогорку соттун судьясы да күчүндө калтырган.

Буга байланыштуу Ош шаардык сотунун судьясы өз чечими менен мамлекеттин карамагындагы жерди менчиктештирүүгө укук бергени аныкталды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 328-беренеси ("Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу"), 166-беренеси ("Алдамчылык") жана 179-беренеси ("Жер тилкесин мыйзамсыз каттоо") боюнча айып тагылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG