Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Былтыр 19 салык кызматкери жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы Мамлекеттик салык кызматына келип түшкөн арыз-даттануулардын негизинде 19 кызматкер жазага тартылды.

Бул тууралуу ушул кызматтын өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, кызматка 173 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 47 даттануу салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу болгон. Бул арыздар текшерилип, 10 факты ырасталган. Анын негизинде эки салыкчы кызматтан бошотулуп, 17сине ар кандай жаза чегерилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG