Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Кыргызстан Кытайдан эт алуудан баш тартты


Бишкек. "Ош" базарындагы эт саткан жай.
Бишкек. "Ош" базарындагы эт саткан жай.

Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Мунун себебин ал Кытайдан келе турган эт азыктары Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келбей турганы менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле бул чектөө кыргызстандыктарга зыянын тийгизбейт деп эсептей турганын айтты.

Чодуевдин сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстан өзү жылына 250 миң тонна эт өндүрөт. Анын миң тоннасы гана чет жакка экспорттолот. Андан сырткары Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турат.

Бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы өлкөдөгү тамак-аш, азык-түлүк жана кайра иштетүү өндүрүшүн талкууга алууда.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп 2015-жылы 12-августта кирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG