Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Мамэкотехинспекция автоунаалардын түтүнүн текшерүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкек шаарындагы түтүндүн ченемден ашык болушунан улам автоунааларды текшерип жатат. Бул органдын адистери Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен кошо рейдге чыгып, атайын жабдыктар менен унаалардан чыккан түтүндүн нормасын ченеп жатышат. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбордо эл ташыган кичи автобустардын көпчүлүгү зыяндуу калдыктарды нормадан ашыкча бөлүп чыгарары аныкталды.

Инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын айтымында, азыр зыяндуу калдыктары нормадан ашкан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салуу каралган эмес. Ошондуктан автоунааны оңдотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматы боюнча, жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тоннадан ашык зыяндуу калдыктар бөлүнсө, алардын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келет. Буга байланыштуу автоунааларды милдеттүү техникалык кароону кайра киргизүү боюнча сунуштар айтыла баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG