Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Казакбаев: Жол кырсыктарынын курмандыктары Ооган согушунан ашып кетти


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Акыркы он жылда Кыргызстанда жол кырсыктары 1,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу “Республика- Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, 2007-жылдан бери жол кырсыгынан 16 миңден ашык адам мерт болуп, 110 миңден ашыгы жараат алган. Каза болгондордун эки миңден ашыгы жаш балдар.

Казакбаев өтө кооптуу абал түзүлгөнүн белгилеп, каза болгондор Ооганстандагы согушка советтик аскерлер киргизилген учурда курман болгондордон көп экенин белгиледи. Депутаттын маалыматы боюнча, 1979-1989-жылдар аралыгында Кыргызстандан Ооганстандагы согушка 7 миңдей аскер-интернационалисттер катышса, анын 3 миңи курман болгон.

“Республика-Ата Журт” фракциясы бүгүн жол кырсыктарын азайтуу боюнча өкмөттүн иш-аракеттерин талкуулады. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG