Бүгүн, 19-январь күнү Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокундуруу майрамын белгилешүүдө. Мунун алкагында Бишкек шаарынын чет-жакасындагы кыштактарда, Ош жана Каракол шаарларында христиандар дарыяларга жана атайын көлмөлөргө чөмүлүшүүдө.
Массалык чөмүлүү Чүйдүн Сосновка айылындагы Кара-Балта дарыясында өтүп жатат. Андан тышкары бул облустун Ленин, Новопокровка жана Воронцовка айылында да бул салтты белгилеп жаткандар көп.
Диний саамалык өтүп жаткан жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министригинин кызматкерлери көз салып турушат.
Рождество менен чокундуруунун ортосундагы мезгил "Святка" деп аталат. Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, ал эми таң эрте чоң сууга түшүп, чайынат. Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп ишенишет. (ErN)