Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

500 миң доллар пара алганы айтылган тажик аткаминерине өкүм чыкты


Аскар Нурализода.
Аскар Нурализода.

Тажикстандын Экономика министрлигинин инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасынын орун басары Аскар Нурализода 11 жылга кесилди.

"Азаттыктын" тажик кызматына Сино райондук сотундагы маалымат булагы өкүм күчүнө кире элек экенин, айыпталуучу жогорку инстанцияга кайрыла аларын айтты.

Нурализода былтыр 28-сентябрда Дүйшөбүдөгү ресторандардын биринде 490 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган. Антикоррупциялык агенттиктин кызматкерлери анын үйүнөн дагы 10 миң доллар табышкан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аткаминер жергиликтүү ишкерден Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизиш үчүн 1 млн. доллар пара сураган. Андан тышкары жубайына борбордон $70 миңге батир сатып берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG