Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Бишкекте абага зыяндуу заттардын 90% автоунаалар чыгарат


Бишкектин азыркы абалы.
Бишкектин азыркы абалы.

Бишкек шаарынынын атмосферасындагы зыяндуу заттардын 90% автоунаалардан чыгат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги билдирди.

Мекеменин адистери борбор шаардын чет-жакасындагы жаңы конуштарда жана шаар ичинде атмосферанын курамын иликтегенден кийин ушундай жыйынтыкка келишкен.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында жылына 240 миң тонна зыяндуу зат абага бөлүнүп чыгат. Анын 180 миң тоннасы автоунаалардан бөлүнөөрү такталган. Ал эми калган 10% өндүрүштүк ишканалардан тарайт.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, абада зыяндуу зат катары эсептелген азоттун диоксиди норманын чегине жетип-жетпей (1,1ден 1,3кө чейин) турганы аныкталган.

Ушуга байланыштуу мекеме шаарда транспорт каражаттарын азайтууга аракет кылууну, микроавбустарды азайтууну, троллейбустарды көбөйтүүнү жана автобустарды оптимизациялоону сунуш кылат.

Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция автоунааларды текшерүүнү баштаган. Алар Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен кошо рейдге чыгып, атайын жабдыктар менен унаалардан чыккан түтүндүн нормасын ченеп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG