Түркиянын коргоо министри Сириянын Африн аймагында күрд жоочуларына каршы жердеги аскердик операция башталганын билдирди. Түрк танктары өз аймагынан чыкпай туруп Сириянын чектеш аймактарын аткылаган.
Министр Нуреттин Жаныклы муну Сириянын түндүгүн "бардык террордук элементтерден тазалоонун" жалгыз аргасы катары сыпаттады.
Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну (YPG) 19-январга оогон түнү түрк күчтөрү Афринди аткылаганын ырастады. Кошуундун басма сөз катчысы күрт айылдары бутага алынганын айтып, кандай гана чабуул болбосун "бар күчү менен жооп кайтарышарын" белгиледи.
Күрттөрдүн бул тобун Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жардам берип келди. Ал эми Түркия Элдик коргонуу кошуунун террордук топ деп эсептейт.
14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берерин жарыялаган. Буга Түркия караманча каршы болуп жатат.