Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

МАИ уруксаты жок тартылган тасмалар боюнча сотко кайрылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алар тууралуу тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштыргандарды сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ал жарандын уруксатысыз тартылган тасманы коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат деп ырастады.

- Мыйзамдар жалпы жарандар сыяктуу эле кызматкарлерге да тиешелүү. Тасмаларды уруксаты жок жарыялоого тыюу салынат. Биз бул укуктан пайдаланып, сотко кайрылышыбыз мүмкүн, - деди Саркулов.

Былтыр декабрда Сапар Исаков "Safari" кыймылынын активисттеринин тасмасын сынга алган. Анда активисттер жол коопсуздук кызматкери менен жол эрежеси боюнча талашып жатканы көрсөтүлгөн эле. Ошондон кийин мындай тасмаларды тартууга тыюу салынганы тууралуу маалымат тараган. Өкмөт мындай маалыматты четке каккан.

Тартип сакчыларынын жосунсуз жоруктары тууралуу тасмаларды бир топ активисттер интернетке жүктөп, коомчулукка көрсөтүп келишет. Мындай ашкерелөө бир катар кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууга негиз болгон. Активисттер коомдук жайда мамлекет кызматкерин тартууга акысы бар экенин ырасташат. (BkA)

XS
SM
MD
LG