Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Карашев: парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек


Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Азыркы чакырылыштагы парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, учурдагы парламентти таратууга негиз жок жана бийликтин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек.

Карашев "парламент тарашы мүмкүн" деген божомолду айрым маалымат каражаттарынан окуганын жана бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн кошумчалады.

- Массалык маалымат каражаттарында гана айтылып жатат. Балким кимдир-бирөөнүн ошондой ойлору бардыр. Бирок расмий деңгээлде андай сөз жок, - деди Карашев.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "учурдагы парламент мөөнөтүнөн мурун тарашы мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG