Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Актөбөдөгү кырсыктын себеби айтылды


Өрттөнгөн автобус. Актөбө, 18-январь, 2018-жыл.
Өрттөнгөн автобус. Актөбө, 18-январь, 2018-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдөгү автобус "ичинде бензинди колдонуу менен от жагылгандан улам өрттөнүшү мүмкүн" деген баштапкы тыянагын жарыялады. Автобустагылар тамак бышырган плитканы жылыныш үчүн колдонушу мүмкүн экени айтылат. Иликтөө уланууда.

Андан мурдараак, жума күнгө оогон түнү казак ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев да тирүү калган беш кишинин көрсөтмөлөрүнө таянып, мындай деген эле.

- Алардын баары өрт автоунаанын салонунан чыкканын айтып жатышат. Адегенде ис чыгып, көбү ошондон ууланган. Бул эмне үчүн баары кутулбай калганынын биринчи себеби. Экинчиси - эшик ачылганда аба кирип, автобустун ичинен жалын тутанган. Ушундан улам жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышкан. Андан тышкары, жүк дагы көп экен. Автобустун биринчи кабатында жүк, экинчи кабатында адамдар болгон.

Өзбекстандын Казакстандагы консулу Шухрат Кошабоев 30дан ашуун сөөк таанылганын билдирүүдө. Ушул тапта өзбек бийлиги өрттөн өлгөн 28 жаранынын аты-жөнү такталганын маалымдады.

Бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза болгон. Алардын баары Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыкты. “Икарус" үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө жарадар болду. Казак дарыгерлери алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышууда.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамда жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип жатканын “Азаттык” радиосуна транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

XS
SM
MD
LG