Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:16

БШК Бабановду депутаттык мандатынан ажыратты


БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү бүгүнкү жыйында кабыл алышты.

Буга чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу боюнча арыз жазган эле.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп бергенин жарыялаган. Бабанов муну жалган жалаа деп билдирген. Ага чейин Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени айтылган.

Ал эми жаңы жыл алдында Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG