Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

БШК маркум Калмаматовдун мандатын токтотту


Маркум депутат Жыргалбек Калмаматов.
Маркум депутат Жыргалбек Калмаматов.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Жыргалбек Калмаматовдун каза болгонуна байланыштуу Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов 2-январда жүрөгү кармап каза болгон. Маркумдун сөөгү анын кичи мекени Алайдын Гүлчө айылына коюлду.

Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Гүлчөдө туулган. Эмгек жолун 1993-2002-жылдары бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштаган. 2002-2004-жылдары «Темир» мамлекеттик ишканасынын директору, 2004-2015-жылдары «Коңурат» ассоциациясынын, "Агромет" ишканасынын башкы директору болгон. 2015-жылы “Кыргызстан” саясый партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Артында тогуз баласы калды. (ErN)

XS
SM
MD
LG