Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Чехиянын өкмөт башчысы депутаттык кол тийбестиктен ажыратылды


Андрей Бабиш. 23.10.2017.
Андрей Бабиш. 23.10.2017.

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш депутаттык кол тийбестиктен ажыратылды. Бул үчүн парламенттеги Бабиштин ANO ("Ооба") кыймылынан башка бардык фракциялар добуш беришкен.

Миллиардер Бабиш Евробиримдиктен субсидия алган учурда алдамчылык кылган деп шектелип, ага кылмыш иши ачылган. Анын депутаттык кол тийбестик алганына байланыштуу ага карата козголгон иш убактылуу токтотулган. Анын мыйзам бузганын буга чейин Европанын кесепчиликке каршы күрөшүү бюросу да ырастаган болчу.

16-январда Чехия парламенти Бабиш кураган өкмөткө ишеним көрсөткөн эмес. Ошондон соң премьер Бабиш кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Чехия президенти Милош Земан 24-январга чейин аны кабыл алышы керек. Бирок саал мурдараак Земан өкмөттү куроону кайра эле Бабишке тапшырарын билдирген. Эгерде сунушталган өкмөткө үч ирет ишеним көрсөтүлбөсө, анда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек.

Оппозиция коалициялык өкмөт боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын, бирок Бабиш кайрадан премьер-министр болуусуна караманча-каршылыгын билдирип келет.

Андрей Бабиш өзүнө карата айыптардын баарын четке кагып, саясий негизде караланып жатканын айтууда.

Парламенттик демократия калыптанган пост-коммунисттик Чехияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үстүбүздөгү жылы 26-27-январга белгиленген. Анда азыркы президент Милош Земан менен физик илимпоз Иржи Драгош ат салышууда.

XS
SM
MD
LG