Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Конституциялык сот Навальныйдын арызын кароодон баш тартты


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Конституциялык соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу маалымат 18-январда Конституциялык соттун сайтына жарыяланды. Навальный буга чейинки инстанциялар өзүнүн президенттик шайлоого катышуусуна тыюу салынгандан кийин Конституциялык сотко кайрылган.

Чечим арыз берилгенден кийин үч күндүн ичинде кабыл алынды. Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Иван Жданов буга чейин президент Владимир Путин Крымды Орусиянын курамына кошуу боюнча кайрылганда, ушундай тез чечим кабыл алынганын айтты.

Алексей Навальный Конституциялык сотко 16-январда даттанган.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда "Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт" деген чечим чыгарган. 30-январда Жогорку сот БШКнын бул чечимин жокко чыгаруу тууралуу оппозициячынын доо арызын кароодон баш тарткан.

Оппозициячынын өкүлдөрү аны шайлоого катыштырбоо тууралуу чечимди мыйзамсыз деп аташты. Навальныйдын өзү тарапташтарын шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

XS
SM
MD
LG