Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Тереза Мэй: Brexit боюнча кайра референдум өтпөйт


Тереза Мей.
Тереза Мей.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евросоюздан чыгуу аракетинен баш тартуу тууралуу сунуштарды четке какты. Мэй 20-январда германиялык Bild гезитине чыккан маегинде Brexit боюнча экинчи референдум болбой турганын билдирди. Анын айтымында, Британиянын парламенти бул маселени жарандардын тандоосуна коюп, эл өзү чечим кабыл алды.

Ошол эле маалда британ премьери өз өлкөсү коргоо, коопсуздук жана башка тармактарда Европа менен кызматташтыкты улантарын кошумчалады.

- Биз Евросоюздан чыгып жатабыз, бирок Европадан эмес, - деди ал.

Буга чейин Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Еврокомиссиянын жетекчиси Жан-Клод Юнкер Улуу Британияга биримдиктен чыкпоону сунуштаган.

Эгер Лондон азыркы позициясын өзгөртпөсө, анда 2019-жылы Brexit күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG