Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:52

Суукта жүрүп калган балдардын энесин укуктан ажыратуу маселеси каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда көчөдө жүрүп, үшүп калган наристелердин апасын энелик укуктан ажыратуу маселесин атайын комиссия карап жатат. Бул тууралуу район акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, 12-январда кечке жуук бактын арасында үшүп отурган эки баланы милиция кызматкерлери көрүп, аймактык ооруканага алып барышкан. Жети жана беш жаштагы балдар Ат-Башыга жакын жайгашкан Ача-Кайыңды айылынан келген. Алардын ата энеси ажырашып кеткени, апасы таенесинин колуна таштап, Бишкекке иштегени келгени ачыкка чыккан. Ошол күнү наристелер энесин издейбиз деп үйүнөн чыгып кеткени, таенеси экөөн тең таппай, издеп жүргөнү, алар үч сааттан ашык убакытта райондун борборуна жеткени да маалым болгон.

Ат-Башы райондук социалдык тейлөө бөлүмү жана жергиликтүү бийлик балдардын энесин айылга чакырткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG