Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган аялдын өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түздү. Министр Талантбек Батыралиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы аялдын абалы эмнеден улам оорлоп кеткени комиссиянын иликтөөсү бүткөндөн кийин жарыяланат.
15-январда операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен Токмок шаарынын тургуну Роза Жусубалиева 20-январда эсине келбей каза тапкан.
Дарыгерлер ал беш жыл мурун да операция жолу менен төрөгөнүн, ден соолугу жакшы эмес болгондуктан бул ирет да кесарево жолу менен төрөтүшкөнүн маалымдашкан. Бирок төрөт маалында наркоз алгандан кийин келин анафилаксия абалына түшүп калган. Ымыркайы 2 килограмм 800 грамм салмакта жарыкка келген, азыр абалы жакшы экени кабарланды.
Маркумдун артында алты баласы калды. Туугандары анын өлүмүнө дарыгерлердин катачылыгы, шалаакылыгы себеп болду деп билдирип жатышат.