Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Орусия Сириядагы түрктөр операция жүргүзгөн жерден аскерлерин чыгарууда


Сириялык күрддөрдүн демонстрациясы.
Сириялык күрддөрдүн демонстрациясы.

Орусиялык аскерлердин ыкчам тобу Сириянын түндүк-батышындагы Африн районунан алардын коопсуздугун камсыздоо максатында чыгарылганы ишембиде орус Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Орус аскерлеринин Афринден чыгарылышы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бул аймакты көзөмөлдөгөн сириялык күрддөргө каршы операциялар башталганын билдиргенден кийин белгилүү болгон.

Түркиянын аба күчтөрү 20-январда Афринге сокку урганы, райондо операцияга артиллерия да колдонулуп жатканы кабарланды. Түрк Тышкы иштер министрлиги "АКШ, Орусия жана расмий Дамаск да операциянын башталганы тууралуу кабардар" деп билдирди. Ага сириялык оппозициянын кошуундары да катышып жатат.

Эрдогандын айтымында, Африндеги операция аяктагандан кийин түрк күчтөрү Манбиж шаарынан күрддөрдү сүрүп чыгарууну максат кылат. Андан кийин Сириянын Түркия менен чектешкен түндүк тарабынын баарында ушундай эле операциялар болору айтылды.

XS
SM
MD
LG