Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

ТИМ: Кабулда кол салуу болгон отелде кыргызстандыктар жабыркаган жок


«Интерконтинентал» мейманканасы согушкерлердин кол салуусунан кийин. 21-январь, 2018-жыл.
«Интерконтинентал» мейманканасы согушкерлердин кол салуусунан кийин. 21-январь, 2018-жыл.

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы 20-январда террорчулар кол салган «Интерконтинентал» мейманканасында Кыргызстандын жети жараны иштегени белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирип, "кол салуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок жана алар коопсуз жайда" деп кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кыргызстандыктар жана аталган мамлекеттин укук коргоо органдары менен байланышып турат. Дипломаттар алар менен жолугушууга аракеттенүүдө.

Кол салуудан бир нече киши каза тапканы кабарланууда.

Би-би-Си жазып чыккандай, 20-январда куралдуу топ батыштан келгендер көп токтогон бул отелге кирип барышкан. Үч кишиден турган топ мейманкананы 12 саат кармап тургандан кийин жок кылынган. Бүгүн эртең менен отелдеги 150 киши куткарылган.

Окуяга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG