Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Казакстанда сууктан мектептерде окуу убактылуу токтотулду

Түндүк Казакстан облусунда катуу суукка байланыштуу 22-январдан тартып мектептерде окуу убактылуу токтотулат. "Азаттык" радиосунун казак кызматы билдиргендей, аймактын жашоочуларына эртең абанын табы -30 градуска чейин төмөндөйт деген эскертүүлөр түшүп жатат.

«Казгидромет» мекемеси буга чейин 22-январдан 26-январга чейин өлкөнүн бир нече облусунда сууктун күчү күндүз -30-35 градус, түнкүсүн - 40-45 градуска жетерин кабарлаган.

11-январда Казакстанда бир нече региондо катуу бороон болуп, жолдордо автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилген. Астанада бул күнү чукул кырдаал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG