Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Франция Коопсуздук кеңешин чогулууга үндөдү


Түркия Сириянын Африн аймагында аскерий операция баштаганын 17-январда билдирген.
Түркия Сириянын Африн аймагында аскерий операция баштаганын 17-январда билдирген.

Франция Сириянын аймагында Түркия жүргүзүп жаткан аскерий аракеттер боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жазды.

17-январда Түркия бийлиги Сириянын Африн аймагында күрт кошуундарына каршы аскерий операция баштаганын билдирген. Бул маалыматты 21-январда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ырастап, операцияга авиация жана оор аскерий техника тартылганын кошумчалады.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырган. Департамент Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл буруусу зарылдыгын белгилеген.

Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну деп аталган тобуна Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду террордук топ деп эсептейт.

14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берерин жарыялаган. Буга Түркия караманча каршы экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG