Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:36

Прагада мейманканадагы өрт төрт кишинин өмүрүн алды


"Евростарс Дэвид" мейманканасында тутанган өрттөн онго чукул киши жабыркады.

Чехиянын баш калаасы Прагадагы мейманканада тутанган өрт төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады. 20-январдын кечинде калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Евростарс Дэвид" мейманканасында тутанган өрттү атайын кызматтар эки сааттан кийин гана өчүрө алышкан.

Курман болгондордун экөө ооруканада көз жумду. Жалпысынан жабыркагандардын саны онго жеткен.

Полиция билдиргендей, каза болгондордун бири Германиянын, экинчиси Түштүк Кореянын жарандары, дагы экөөнүн тек жайы такталууда.

Мейманканадагы кырктай адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, мейманкананын ичиндеги кууш коридорлор жана ыңгайсыз тепкичтер өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан.

Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG