Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Ташкентте автоунаа кыймылы боюнча үч тараптуу сүйлөшүү болот


Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев. Ташкен, 13-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев. Ташкен, 13-декабрь, 2017-жыл.

24-25-январь күндөрү Ташкент шаарында Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын транспорт министрликтеринин өкүлдөрү жолугушат. Анда үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 1998-жылы 19-февралда кол коюлган, эл аралык автоунаа кыймылы боюнча макулдашууну ишке ашыруу боюнча маселе каралат.

Анын алдында бул маселе эки тараптуу да талкууланары күтүлүп жатканын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Былтыр 6-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Анжиян-Ош-Кашкар багытында транзиттик автоунаа кыймылы тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Макулдашуу былтыр 30-декабрда күчүнө кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG