Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Кабулдагы чабуулдан курман болгондордун арасында казак жараны бар


"Интерконтинентал" – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманкалардын бири.
"Интерконтинентал" – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманкалардын бири.

Казакстандын 39 жаштагы жараны каза болгонгун бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди. Кабул полициясынын маалыматына караганда, андан тышкары Украинанын тогуз жараны мерт болгону аныкталды. Алардын көбү "Kam Air" ооган авиакомпаниясынын кызматкерлери болушкан.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги 21-январда Кабулдагы "Интерконтинентал" мейманканасы толук бошотулганын билдирди. Мейманканадагы кол салуудан кеминде 19 киши мерт болгон.

Ооганстандын "TOLO news" жаңылыктар телеканалы өз булактарына таянуу менен каза болгондордун саны кыйла көп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Жаңы маалыматтык технологиялар боюнча эл аралык жыйын жана үйлөнүү тою өтүп жаткан мейманканага кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Кыймылдын беш жоочусу имаратка ашкана аркылуу кирип, андагы адамдарды көздөй ок аткан.

Жекшемби күнү эртең менен аяктаган атайын операциянын жыйынтыгында 150дөн ашык киши, анын ичинде 40 чет өлкөлүк жаран куткарылган. Ооганстан ИИМи кол салгандардын кеминде үчөө өлтүрүлгөнүн билдирди.

"Интерконтинентал" – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманкалардын бири. Ал 1969-жылдан бери иштеп келет жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү тоолуу жерде жайгашкан. 2011-январда мейманканага «Талибан» кыймылынын жоочулары кол салган. Анда жалпысынан 21 киши өлүп, арасында кол салган согушкерлер да болгон.

XS
SM
MD
LG