Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Исаков дүйнөлүк форумга катышканы Давоско учуп кетти


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышканы Давоско жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, экономикалык форум 23-январда Швейцариянын Давос шаарында башталат. Форумдун алкагында премьер-министр Исаков башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушат.

Давос форуму - дүйнөдөгү кадыр-барктуу экономикалык иш-чаралардын бири. Быйыл 23-26-январда өтчү форумга 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, 1000ден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат. 48-жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк форумда дүйнөнүн келечеги талкууланат. (UEz)

XS
SM
MD
LG