Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Ислам кайра жаралуу партиясы тажикстандыктарды Сирияга жөнөтүүгө байланыштуу айыпталды


Сириядагы "Аль-Нусра" фронтунун жоочулары.
Сириядагы "Аль-Нусра" фронтунун жоочулары.

Бул тууралуу Тажикстандын өкмөттүк «Ховар» агенттиги жазды. 21-январда жарыяланган макалада бул партия Сирияга жөнөткөн тажик жарандарынын тизмеси жазылып, алардын көбү согуш талааларында мерт болгону айтылган.

Басылманын маалыматына караганда, партиянын колдоосу менен Жакынкы Чыгышка баргандардын арасында Согди облусунун 35 жаштагы тургуну Сайфиддин Тажибаев да бар. Кезинде Ислам кайра жаралуу партиясынын райондук бөлүмүн жетектеген Тажибаев учурда Сириядагы «Жабхад ан-Нусра» террордук уюмунун башчыларынын бири катары белгиленген.

«Сайфиддин Тажибаев аталган террордук уюмдагы өзбек коомчулугунун лидери. Ал ар кандай жолдор менен Тажикстандын жана Өзбекстандын жаштарын топтун катарына азгырып келет. Учурда анын агасы Иброхим Ином дагы Сирияда жүрөт», — деп айтылат макалада.

Анда ошондой эле Ислам кайра жаралуу партиясынын Спитаменск районундагы аялдар бөлүмүн башкарган 40 жаштагы Шоиста Мамадшехованын да аты аталган. «Ал «Өзбекстан ислам кыймылы» террордук уюмунун мүчөсү Фаррух Шодмоновго азгырылып, эки баласы менен Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагына кеткен», - деп жазылган макалада.

Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкө сыртында жүргөн жетекчилиги экстремисттик же террористтик топторду колдоого тиешеси бар экенин четке кагып келет. Мурда парламентте да депутаттары болгон бул партия Тажикстанда экстремисттик деп табылган.

XS
SM
MD
LG