Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

“Дөө Чыңгыздын” оң колу атыккан Жолдошев жатак абакка чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 19-январда кабыл алынып, ага №3 түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал эми милициянын каттоосунда уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары турган Чыңгыз Жумагулов абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 17-январда чыккан. 2016-жылы кармалган Жумагуловду башында райондук сот 18 жылга соттосо, шаардык сот аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Жогору сот жети жылдык жаза берген. Анын бир жылдан кийин эле шарттуу жаза менен эркиндикке чыгышы коомдо талкуу жараткан.

Жумагуловго башында "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн абактан эртелеп бошотулушу коом үчүн коркунуч экенин билдирди.

- Уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүн ушинтип четинен чыгара берсе, жакшылыкка алып барбайт. Жатак абак деген түрмөдөн чыкты деген эле сөз да. Болгону айына эки миң сом төлөйт, жумасына бир эле жолу барат, - деди Таштан уулу. (UEz/EBM)

XS
SM
MD
LG