Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АКШ мамкатчысынын Европадагы сапары башталууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 22-январда Лондондо Британиянын жогорку расмий өкүлдөрү менен жолугат. Британ баш калаасындагы жолугушууларда негизинен Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишим талкууланаары кабарланды.

Президент Дональд Трамп 12-январда өзөктүк келишимге кол койгон Европа өлкөлөрү андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда Вашингтон бул келишимден чыгып кетерин эскерткен.

Тегеран келишимге эч кандай өзгөртүү киргизүүгө жол берилбестигин айтып жатат. Ага кол койгон Франция, Германия, Кытай жана Орусия бул маселеде Иранды колдоп жатат.

2015-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектеп, Батыш жооп иретинде Иранга каршы киргизген санкцияларды жоймокчу болгон.

АКШнын башкы дипломаты Тиллерсон Европадагы бир жумалык сапарында Парижге, Варшавага жана Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн Швейцариянын Давос шаарына да барат.

XS
SM
MD
LG