Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Лавров: Батышта "русофобия" күчөдү


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүндө "русофобия" же орустарга карата терс мамиле Кансыз согуш учурундагыдан да күчөгөнүн билдирди.

"Биз мындайды Кансыз согуш учурунда көргөн эмеспиз. Мурда айрым эрежелер бар эле, азыр алар четте калды", - деп билдирди Лавров "Коммерсантъ" басылмасы 21-январда жарыялаган маегинде.

Ал Орусиянын "кызыл чеги" бар экенин, башка өлкөлөр бул чектен өтпөшү керек экенин кошумчалады. Лавров Батыштын санкциялары сыяктуу Орусияны "жазалоо аракеттерин" "акылга сыйгыс жана негизсиз" деп мүнөздөдү.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин АКШ менен Евробиримдик Москвага каршы санкция киргизген. "Орус тарап АКШнын шайлоосуна кийлигишти" деген маалыматтардан кийин былтыр Вашингтон Москвага каршы кошумча санкцияларды жарыялаган. Кремл Батыштын мындай дооматтарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG