Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

"Amazon" компаниясы кассасы жок дүкөн ачууда


"Amazon" дүкөнүндөгү кардарлар.
"Amazon" дүкөнүндөгү кардарлар.

"Amazon" интернет компаниясы 22-январда Американын Сиэттл шаарында кассасы жок алгачкы супермаркетин ишке киргизет. Бул дүкөндө көзөмөл камералар жана электрондук сенсорлор кардарларды таанып, алар алган товарларды каттап турат. Акча кардардын алдын-ала каттоодон өткөн электрондук эсебинен алынат.

Ал үчүн кардарлар "Amazon Go" деген мобилдик тиркемени телефонуна жүктөшү керек болот. Дүкөнгө кирерде жана чыгарда кардарлар ал тиркемени атайын турникетке тийгизип өтүшү зарыл.

Кассасы жок дүкөн мындан бир жыл мурда ачылары кабарланган. Бирок эл көп топтолгон учурда технологиялар жакшы иштебей койгондуктан, ал мүчүлүштүктөрдү оңдоого туура келген.

XS
SM
MD
LG