Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Пенс Ирандын өзөктүк келишими боюнча эскертүү жасады


АКШнын вице-президенти Майк Пенс.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Ирандын өзөктүк келишими "оңдолбосо", Вашингтон андан чыгып кетерин дагы бир жолу эскертти. Майк Пенс бул тууралуу 22-январда Израилдин парламентиндеги кайрылуусунда айтты.

12-январда президент Дональд Трамп бул келишимдин талаптарын дагы бир жолу аткарып, Иранга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү мөөнөтүн узарткан. Бирок ал өзөктүк келишимге кол койгон Европа өлкөлөрүн төрт ай ичинде андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдоого чакырган.

"Ирандын өзөктүк келишими өтө начар. Кошмо Штаттар ойлонулбай кабыл алынган келишимди мындан ары узартпайт", - деди учурда Израилде жүргөн АКШнын вице-президенти Пенс.

Дүйшөмбү күнү Европадагы бир жумалык сапарын Лондондон баштаган АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун жолугушууларында да Иран маселеси үстөмдүк кылат деп кабарланган.

22-январда Франциянын башкы дипломаты Жан-Ив Ле Дриан Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери келишимди сактоо аракетинен артка кайтпай турганын билдирди.

2015-жылы АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия Иран менен мунасага жетишкен. Ага ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектеп, Батыш жооп иретинде Иранга каршы санкцияларды жоймокчу болгон.

XS
SM
MD
LG