Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Түрк аскерлери Сириянын айрым айылдарын ээледи


Түрк аскерлери тарабында согушуп жаткан сириялык куралдуу оппозиция.
Түрк аскерлери тарабында согушуп жаткан сириялык куралдуу оппозиция.

Түрк аскерлери күрт кошуундарына каршы аскердик чабуулунун үчүнчү күнүндө Сириянын түндүк-батышындагы бир нече айылдарды ээлешти.

Түркиянын маалымат каражаттары Анкара күрт кошуундарын ээлеген позициясынан сүрүп чыгарууну максат кылып жатканын жазып чыгышты.
Дүйшөмбүдө түрк аскерлери тарапта согушуп жаткан сириялык козголоңчулардын көмөгү менен Африн аймагындагы бир катар кыштактарга көзөмөл орнотулган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган чабуулдар басылбай турганын билдирүүдө.

Түркия күрт кошуундарын автономия талап кылып, өз өкмөтүнө каршы күрөшүп келе жаткан Күрт жумушчу партиясынын өнөктөшү деп эсептейт. Ал эми күрт кошуундары бул маалыматтарды четке кагып, АКШ командачылыгынын алдында "ИМ" тобунун согушкерлерине каршы күрөшүп келе жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG