Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Сеулда Түндүк Кореянын ырчысынын сапарына каршы акция өттү


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Сеулдук активисттер Хён Соң Вол өтүп бара жатканда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын сүрөтүн жана өлкөнүн желегин өрттөштү.

Түндүк Кореянын кыздардан турган "Моранбоң" тобунун жетекчиси Түштүк Кореяда өтө турган Олимпиада оюндары учурундагы иш-чараларга жооптуу катары эки күндүк сапары менен келген. Ага каршы акция Хён Соң Вол маданий иш-чаралар өтүүчү жерди көрүп, кайра Сеулга кайтып келген учурда өттү. Хён Соң Вол акцияга көңүл бурган жок.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Хён өлкө лидери Ким Чен Ындын жакыны экенин белгилеп келишет. Ал жетектеген топтогу кыздар Түндүк Кореяны жетектеген Кимдин династиясы тууралуу одаларды ырдап келишет.

XS
SM
MD
LG