16-январга белгиленген сот жараяны депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын бошобой калганына байланыштуу жылдырылган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыккан. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге былтыр 17-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.
Райондук соттун чечимине макул болбогон Шыкмаматовдун адвокаттары апелляциялык арыз менен кайрылышкан. (ZKo)