Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Уюктук операторлор мобилдик капчыкты коргоп чыгышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы "Байланыш операторлор ассоциациясы" жана уюктук компаниялардын өкүлдөрү Улуттук банктын мобилдик капчыкты чектөө боюнча демилгесине каршы чыгышууда.

Буга байланыштуу алар 23-январда маалымат жыйынын өткөрүп, пикирин билдиришмекчи. "Мегаком" уюктук компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Жумгалбек Өмүркановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мобилдик операторлор кардарларына сунуш кылып жаткан мобилдик капчыктын пайдалуу жактарын журналисттерге айтып беришет:

- Кыргызстанда электрондук капчыктар иштей баштаганына төрт жыл болсо, андан бери 300 миңден ашуун киши анын кызматынан пайдаланган. Ал эми биздин уюктук операторлор өздөрүнүн мобилдик капчыктарын ишке киргизгенден тартып үч ай ичинде жүз миңден ашуун киши бул капчыктын кызматынан пайдаланган.

Мобилдик капчыктын артыкчылыгы - кардарлар эч жакка барбай туруп эле чөнтөк телефону аркылуу төлөм кызматтарын жүргүзө алганында.

Улуттук банк август айында Электрондук капчык тууралуу жобону өзгөртүүнү сунуш кылган. Улуттун банктын бул сунушу мобилдик капчыкты пайдалангандарды нааразы кылып, муну абоненттик жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөдө элге ыңгайсыздык жаратуу аракети катары баалаган пикирлер айтылган.

XS
SM
MD
LG