Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:47

Тажикстанда мечиттер кирешеси тууралуу маалымат беришет


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда “Диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, диний бирикмелер, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар киреше булагы, каражаттарды колдонуу жана кызматкерлердин айлыгы, салык төлөмдөрү тууралуу отчет тапшырышы керек.

Тажикстанда мечиттер, чиркөөлөр жана өлкөдөгү жалгыз синагога динге ишенген кишилердин садагаларынын эсебинен иш алып барат. Мечит имамдары сүннөткө отургузуу, нике кыюу жана жаназа окуу жөрөлгөлөрүнүн эсебинен акча табат.

Бирок 2014-жылдан бери өлкөдөгү негизги мечиттердин имамдары маяна ала баштаган, алардын саны 265 кишини түзөт. Тажикстандын Уламалар кеңешинин төрагасы, муфтий Саидмукаррам Абдукодирзода 2 миң сомони (220 доллардан ашык), имам-хатибдер 1500-800 сомони айлык алышат. Башка конфессиялардын өкүлдөрүнө мамлекеттик бюджеттин эсебинен маяна берилбейт.

XS
SM
MD
LG