Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда аймактык лобби күчөп баратат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте аймактарды өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырыш үчүн түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отурумунда айтты.
Президент “аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк айырмачылык андан ары тереңдей турган болуп жатат” деп белгиледи жана өлкөнүн өнүгүүсү “бир-эки гана аймактан көз каранды болуп калды” деген оюн билдирди.
- Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүшү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду, - деди президент.
Жээнбеков “аймактардын өнүгүшүн рынок чечет” деген саясат өзүн актабаганын, мындан ары көз карашты кескин өзгөртүү зарыл экенин айтты.
2018-жыл президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумуш тобунун курамына министрлер, облустардын башчылары жана башка бийлик өкүлдөрүнөн 39 адам кирген. (SDz)