Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Бишкекте "Чылым чексең өпкөңдү текшерт" аттуу акция өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-январдан тартып Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын торакалдык уюму баш калаанын бейтапканаларында чылым чеккен адамдардын өпкөсүн акысыз текшерүү акциясын баштады.

Коко менен өпкөнүн сезгенип, оор дарттарга чалдыгышынын алдын алуу максатында эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин дарыгерлер спирометр менен тамеки тарткандарды текшеришет.

Акция 26-мартка чейин уланат. Өпкөнүн өнөкөт сезгенүүсүнөн дүйнөдө 600 миллион киши жабыркайт. 40 жаштан улуу адамдарда мындай дарт көбүрөөк учурайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG