Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Мамлекеттик бюджеттин 80% Бишкек менен Чүйдүн эсебинен толууда


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин 80 пайызын Бишкек менен Чүй толтурат. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында президенттин кеңешчиси Муратбек Шайымкулов билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышып жаткан жыйында аймактарды өнүктүрүү маселеси талкууланууда.

Шайымкулов Бишкек менен Чүй акыркы жылдары түз инвестиция тартууда алда канча алга кеткенин, бул багытта Ысык-Көл менен Жалал-Абадда салыштырмалуу жылыш бар экенин кошумчалады.

- Жумуш тобу регионалдык саясатка өзгөртүү киргизип, аймактарга инвестиция тартууга түрткү бериши керек. Себеби ички дүң өнүмгө Бишкек менен Чүйдөн башка аймактар дээрлик салым кошкон жок, - деди президенттин кеңешчиси.

Жыйында Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү анын алты жылдык иш мөөнөтүндө артыкчылыктуу багыт болорун айтты. «Кудайым колдоп бул ишти аягына чыгарабыз», - деди өлкө башчы.

2018-жыл президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумуш тобунун курамына министрлер, облус башчылары жана башка бийлик өкүлдөрү болуп 39 адам кирген. Бүгүн жумуш тобу алгачкы жыйынга чогулду. (SDz)

XS
SM
MD
LG