Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Жээнбеков: Кыргыз-орус фонду насыяны плансыз жана системасыз берип атат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков "мамлекеттик жеңилдетилген насыялар аймактарга туура эмес бөлүштүрүлүп жатат" деп сынга алды. Ал Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок берилип жатканына токтолду.

- Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттар ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. "Айыл банк", Кепилдик фонду, "РСК банк" муну эске алышы зарыл, - деди президент.

Жээнбеков аталган каржы уюмдарына элет жеринде өндүрүш ачууга багытталган долбоорлорго артыкчылык берилиш керек деп тапшырма бергенин кошумчалады.

2018-жыл президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумуш тобунун курамына министрлер, облустардын башчылары жана башка бийлик өкүлдөрү болуп 39 адам кирген. Бүгүн жумуш тобу алгачкы жыйынга чогулду.

Жыйында мамлекеттик бюджеттин 80 пайызын Бишкек шаары менен Чүй облусу толтуруп жатканы айтылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG