Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Талас: Депутат Аблабековго карата сот өкүмү күчүндө калтырылды


Памир Аблабеков.
Памир Аблабеков.

Талас облустук соту шаардык кеңештин депутаты Памир Аблабековго карата шаар соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна облсоттун басма сөз катчысы Назгүл Кулушева билдирди.

Талас шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Памир Аблабековго шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча козголгон иштин негизинде 25 миң сом айыппул салган.

Буга макул болбогон депутат адегенде облустук сотко апелляциялык арыз берип, бирок аны кайра кайтарып алган. Натыйжада өкүм күчүнө киргенин шаардык сот расмий маалымдаган.

Ал эми аймактык шайлоо комиссиясы соттолгон депутатты мандатынан ажыратуу жөнүндө маселе көтөргөн.

Ал арада депутат кайрадан кассациялык даттануу менен облустук сотко кайрылган. Бирок мурдагы өкүм өзгөртүлбөгөнү маалым болду.

Аблабеков ишкер коңшусу менен чатакташа кетип, үй-бүлөдөгү ага-инини уруп койгону үчүн жоопко тартылганы маалымдалган.

Буга чейин Талас шаардык кеңешинин сессияларына жарым жылдан бери катышпай жүргөн депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Самидин Жоробековго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG